Ак үйдүн өкүлдөрү Орусиянын президенти Владимир Путиндин Беларуста орусиялык тактикалык өзөктүк куралдын жайгаштыруу ыктымалдуулугу боюнча билдирүүсүнө комментарий беришти. Бул тууралуу Returs басылмасы жазды.
Байдендин администрациясынын жогорку даражалуу расмий өкүлү белгилегендей, Орусия менен Беларус өзөктүк куралды жайгаштыруу тууралуу көптөн бери сүйлөшүп келе жатат. Ошол эле учурда Москва өзөктүк куралын колдонууну пландап жатканы боюнча азырынча эч кандай белгилер жок.
"Биз эч кандай Орусия өзөктүк курал колдонууга даярданып жаткан белгисин көрбөй жатабыз. Биз НАТО альянсын жамааттык коргоого берилген бойдон кала беребиз", - деген ал.
"Бул Путиндин НАТОну коркутуп-үркүтүү үчүн жасаган оюнунун бири. Анткени Беларуста муну жасоонун эч кандай аскерий пайдасы жок. Себеби Орусиянын ичинде мындай курал-жарактар жана күчтөр көп", - деген америкалык окумуштуу жана өзөктүк маалымат долбоорунун директору Ханс Кристенсен.
25-мартта Владимир Путин Александр Лукашенконун өтүнүчү менен Беларустун аймагында өзөктүк курал жайгашарын билдирген.