“Гарри Поттер” тасмасында башкы ролду аткарып дүйнөлүк атактуулукка жеткен актёр Дэниел Рэдклифф биринчи ирет ата болот. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 33 жаштагы актёр менен анын 38 жаштагы сүйүүктүүсү актриса Эрин Дарк Нью-Йоркто сейилдеп жүргөнгө папараццилер аларды сүрөткө тартып алышкан. Дал ошол сүрөттөн алардын биринчи наристесин күтүп жатканы белгилүү болгон. Бирок бул маалыматты актёрлор расмий түрдө тастыктаган эмес.
Эскерте кетсек, Дэниел Рэдклифф менен Эрин Дарк 2012-жылы “Жакындарыңды өлтүр” (Убей своих любимых) тасмасына тартылуу учурунда таанышып калышкан.