Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров мандатын тапшыруу үчүн арыз жазганына байланыштуу Бишкектин Ленин райондук шайлоо округу боюнча кайра шайлоо өтөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдирди.
Анын айтымында, бир нече күндүн ичинде Абировдун мандат тапшыруу үчүн берген арызын комиссия карап, чечим чыгарат. Мандатынан ажыратуу боюнча токтомго кол коюлгандан кийин президент кайрадан шайлоо өткөрүүнү дайындайт жана эки айдын ичинде шайлоо өтүүгө тийиш.
Белгилей кетсек, бүгүн, 27-мартта эл өкүлү Жаныбек Абиров депутаттык мандатын тапшырарын билдирди.