"Чечим кабыл алуу оңойго турган жок". Депутат Абиров мандатын тапшырат

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров мандатын тапшырат. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-мартта социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Менин катышуумдагы акыркы болуп өткөн окуя коомчулук арасында кызуу талкуу жаратты. Окуянын олуттуулугун толук түшүнүп, жоопкерчиликти сезип жаткандыгымды, мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экендигимди дагы бир жолу баса белгилейм.

Ушуга байланыштуу мен окуяны талдап, терең ой жүгүртүп, өз каалоом менен Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын тапшыруу чечимин кабыл алдым.

Албетте, бул чечимди кабыл алуу оңойго турган жок, анткени борбор калаабыздын Ленин районундагы 11 813 шайлоочу мага ишенип, алардын өлкө парламентиндеги өкүлү болуу укугун берди эле.

Тилекке каршы, болуп өткөн окуядан кийин Жогорку Кеңештин депутатынын кызматын мындан ары аркалоого моралдык укугум жок деп эсептейм.

Жалпыңыздардын алдыңыздарда, Аргенден жана анын үй-бүлөсүнөн, жакындарынан, ошондой эле мага ишеним көрсөткөн шайлоочуларымдан жана командамдан чын жүрөктөн кечирим сурайм", - деп жазды Абиров.

Эскерте кетсек, 12-мартта Бишкектеги ресторандардын биринде мушташ тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Анда мушташка катышкандардын бири депутат Жаныбек Абиров экендиги жана ал мекеменин күзөт кызматкерин сабап салганы айтылган болчу.

Жабырлануучу баш сөөгү жабыркап Улуттук госпиталга түшкөн. Окуяга президент Садыр Жапаров реакция жасап, Абиров соцтармак аркылуу элден кечирим сураган.

Октябрь РИИБи Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун үстүнөн арыз түшкөнүн маалымдаган. 13-мартта Бишкек ШИИББи калаадагы ресторандардын биринин жанынан массалык мушташка катышканга шектүү катары эки жаран кармалганын билдирген. Алар 15-мартта СИЗО-1ге бир айга камакка алынганы маалым болду.

Башкы прокурор Жогорку Кеңешке Абировду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук сурап кайрылган. Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер боюнча комитет парламентке иштин жагдайын иликтеп чыга турган комиссия түзүүнү сунуштаган. Натыйжада териштирүүчү депутаттардын тобу түзүлгөн.

Андан соң Жаныбек Абиров сабаган жаран тосмо арызын жазып, тараптар элдешкени маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан