Камакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков Ленин райондук шайлоо округу боюнча кайра шайлоого катышат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуусунда айтты.
"Өткөн шайлоодо мен Ленин округу боюнча шайлоого баргам. Мен ал убакта түрмөдө отуруп экинчи орунду алгам. Азыр дагы түрмөдө отуруп кайра шайлоого барам. Бул саясий күрөш, биз муну кайрадан улантышыбыз керек", - деди Жээнбеков.
Белгилей кетсек, Равшан Жээнбеков Кемпир-Абад маселеси боюнча учурда камакта.
Бүгүн, 27-мартта Жаныбек Абиров депутаттык мандатын тапшыра турганын билдирген. Буга байланыштуу Бишкектин Ленин райондук округунда кайра шайлоо өтөт.