"Бетинен кармап...". Ырчы Шакиранын мурунку кайненеси аны үн катпоого буйрук берген видеосу тарады

36 жаштагы футболчу Жерар Пикенин апасы менен 46 жаштагы ырчы Шакиранын мамилеси тууралуу жагымсыз жаңы жагдайлар пайда болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, видео социалдык тармактарга тарап, ырчы айымдын күйөрмандарын таң калтырган. Сөз болуп жаткан видеодо Жерар Пикенин апасы Монсеррат Бернабеу келинине жылмайып, күтүүсүздөн жүзүнөн кармап, кандайдыр бир окуя тууралуу айтпай коюуга белги берген.

Футболчунун апасынын мындай жоругу Шакиранын күйөрмандарынын нааразычылыгын жараткан. Социалдык тармактарда ырчынын күйөрмандары Монсеррат Бернабеунун бул жоругуна үн катпаган Пикени айыптап, “Эне кандай болсо, уулу ошондой болот”, “Шакира бул үй-бүлөгө кантип чыдады?”, “Байкуш Шакира!” деген комментарийлерди жазышууда.

Аталган жагымсыз жагдай 2016-жылы 26-январда орун алганы жазылат маалыматта.

Эске салсак, жылдыздуу түйгөйлөр Шакира менен Жерар Пике 2022-жылы 2-июнда эки жолго түшүшкөн. Буга футболчунун ырчынын көзүнө чөп салгандыгы себеп болгон. Экөөнүн ортосунда Милан жана Саша аттуу уулдары бар.

Ырчы Шакира
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан