Бүгүн зордуктоого шектелген актёр Чыңгыз Мамаевдин соту болот

Бүгүн, 28-мартта зордуктоого шектелген актёр Чыңгыз Мамаевдин иши Жогорку Сотто каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, соттук отурум саат 10:00гө белгиленген жана иш жабык эшик артында каралат.

Эске салсак, Чыңгыз Мамаев 2022-жылдын апрель айында зордуктоого шектелип кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинин ("Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети") негизинде иш козголгон.

Ушул жылдын 11-январында актёр үй камагына чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан