Бишкектеги Эне-Сай конушу жарыктандырылды

Бишкектеги Эне-Сай конушу жарыктандырылды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Аталган конушта кубаттуулугу 50 Вт жана 100 Вт болгон 78 светодиоддук чырак, 78 кронштейн орнотулду", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле жарыктандыруучулар бийиктиги 9 метр болгон 21 темир-бетон мамыларды орнотту.

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы тышкы жарыктандыруу тармактарын модернизациялоо иштерин уланта турганы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан