Сиань-Бишкек багытындагы алгачкы учак "Манас" аба майданына конду

27-март күнү Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортуна Кытайдын Сиань шаарынан учуп келген жүргүнчү учагы конду. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аба майданынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Сиань-Бишкек багытындагы учуу убактысы болжолу 4 саат 30 мүнөт. Каттамды Кытайдын Loong Air авиакомпаниясы аптасына эки жолу - дүйшөмбү жана жума күндөрү ишке ашырат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандан Кытайга жүргүнчү ташуучу түз авиакаттам катары Бишкек - Үрүмчү - Бишкек багыты гана ишке ашып келген. Каттам 2021-жылы убактылуу токтоп, 2022-жылы кайрадан жанданган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан