Бишкек ШИИББинин Кырдаалдык борбору ачылды (фото)

Бүгүн, 28-мартта Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын Кырдаалдык борборунун ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аземге ИИМдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Суюнбек Ниязбеков, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Мурат Осмонов, Бишкек шаарынын прокурору Нурлан Нишанбаев жана борбор калаанын үч районунун акимдери катышты.

Белгилей кетсек, 2020-2023-жылдарга ИИОнун өнүктүрүү стратегиясынын программасын ишке ашыруунун алкагында Бишкек ШИИББнын Коомдук коопсуздук кызматынын Кырдаалдык борбору түзүлгөн.

Азыркы учурда оңдоо иштери жүргүзүлүп, байланыш техникасы жаңыртылып, “102” кызматынын операторлорунун иштөө шарттары түзүлдү. Бул борбор “102” кызматы боюнча чалууларды кабыл алган кызматкерлер күнү-түнү кызмат өтөшөт.

Суюнбек Ниязбеков Кырдаалдык борбор — “102” кызматынын иши менен тааныштырып, шаардагы окуялар тууралуу телефон чалуулар ушул диспетчердик пунктка келип түшүп, андан кийин милициянын кайгуул кызматкерлерине берилээрин айтты.

"Бишкек шаарынын милициясынын карамагында турган Кырдаалдык борбор – бул шаардагы ыкчам кырдаалды көзөмөлдөөнүн жана координациялоонун натыйжалуу системасы, ал өз кезегинде коомдук тартипти сактоого, ошондой эле кылмыштардын бетин ачууга оң таасирин тийгизет" деди ал.

Анда маалымдалган ар бир кырдаал боюнча системанын иши монитордун экранында көрсөтүлдү.

Мындан тышкары аталган борбордо инсанды жүзүн идентификациялоо камераларынын жардамы менен мурда кылмыш жасагандыгы үчүн изделип жаткан объектти таануу аркылуу реалдуу убакыт режиминде видеобайкоо жүргүзүлөт.

Ошондой эле «SOS» мобилдик тиркемесин киргизүү пландаштырылууда. Ал милицияга кыздарды ала качууда, балдарды уурдоодо, адам өлтүрүү коркунучунда, жарандарга кол салууда, транспорт каражатын мыйзамсыз ээлеп алууда, массалык мушташууда жарандарга ыкчам жардам көрсөтүүгө жардам берет.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан