18-март күнү Жалал-Абадда «Кардиоцентр» кардиохирургиялык клиникасынын филиалы ачылды, бул жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларына операциянын бардык түрлөрүн жүргүзүү үчүн адистештирилген борбор жана ал тез жардамдын кареталары менен камсыздалган, андыктан алар өтө баалуу убакытты үнөмдөөгө жана тез арада квалификациялык жардамды көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
Жүрөккө операция жасоого чейинки эң маанилүү көйгөй бул бейтапты ооруканага жеткизүүгө керектелүүчү убакыт болуп саналат. Врачтык практикада "алтын саат" деген түшүнүк бар – бул адамдын акыбалы начарлап же оорусу кармай баштагандагы биринчи саат, ошол убакыттын ичинде бейтапка өз учурундагы жардамды көрсөтүп калууга жетишүү мүмкүн.
«Кардиоцентр» кардиохирургиялык клиникасынын ачылышы Жалал-Абаддын жана ага коңшулаш шаар, айылдардын жашоочулары үчүн Бишкекке же чет өлкөгө чыкпастан, алдыңкы жабдууларды колдонуу менен жогорку квалификациялуу медициналык жардамды жеринен алууга мүмкүндүк берет.
Жүрөккө операция жасоо – медицинадагы эң оор жана тобокелдүү операцияларды бири. Аны жасоо үчүн жогорку квалификациялуу врачтар жана заманбап жабдуулар зарыл. «Кардиоцентр» кардиологиялык клиникасында кардиологиялык операциялардын, профилактикалык жана диагностикалык процедуралардын толук комплексин жогорку деңгээлде жүргүзүү үчүн, бардык тийиштүү каражаттар бар.
Дареги: Островский көчөсү 145
Телефондор: 0220141100, 0222141100
Клиниканын расмий инстаграм-баракчасы.