"Тазалыктын" мурдагы жетекчиси Рыспек Сарпашов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, ал 22-мартта кармалган болчу.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, Рыспек Сарпашов күнөөсүн моюндап, мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтурду, тагыраагы, ал 5 миллион 167 миң 600 сомду бюджетке кайтарды.
Рыспек Сарпашов "Тазалык" ишканасын жетектеп турган кезде ишкананын айрым кызматкерлери менен алдын ала келишип, иштебеген жана жетишсиз болгон атайын автотетиктерди, күйүүчү-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгарганы аныкталган.
Мындан улам "Тазалык" ишканасынын бюджетине 5 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилген.
Рыспек Сарпашов 2010-2012-жылдары, 2014-2018-жылдары, андан соң 2019-жылы "Тазалык" ишканасын жетектеген.