Сауд Арабиясындагы жол кырсыгынан каза болгон жана жабыркаган зыяратчылардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирет.
Маалыматта аталган маселе министрликтин көзөмөлүндө турганы белгиленди.
Эскерте кетсек, Сауд Арабия Падышалыгында зыяратчылар жол кырсыгына кабылган. Тактап айтканда, Меккеге бараткан автобус Асир шаарындагы көпүрөгө кирип кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 20 адам каза болуп, 29 адам жаракат алган.
Айрым маалымат каражаттары өз булактарына таянып, кырсыкка учураган автобустун ичинде Йеменден келген зыяратчылар болгонун жазып чыгышты.