Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Индиянын Кыргызстандагы элчиси Арун Кумар Чаттерджи менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта мэриядан кабарлады.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Индиянын шаарлары менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн талкуулашты.
"Өз кезегинде мэр Бишкек шаарынын мэриясы менен Нью-Дели шаарынын муниципалитетинин ортосунда тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди", - деп айтылат маалыматта.