Жакында Бишкектеги дагы бир көчөдө тротуар жана веложол ачылат

Жакында Садырбаев көчөсүндө жаңы тротуар жана веложол ачылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.

Курулуш иштери Бишкек шаарынын көрктөндүрүү долбоорлорун ишке ашыруу, шаардыктарга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана активдүү эс алууну өнүктүрүү максатында "Бишкекасфальтсервис" мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

"Садырбаев көчөсүнүн түштүк тарабында жалпы узундугу 2 километр 800 метр болгон веложол менен тротуар курулууда. Учурда тротуардын жана веложолдун негизин даярдоо, тоскоол болгон объектилерди бузуу (демонтаждоо) иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти мэриядан.

Курулуш иштерин 2023-жылдын май айына чейин бүтүрүү пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан