Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жер титирөө болгонун Tengrinews.kz сайты some.kz сайтына шилтеме берүү менен билдирди.
Жер титирөөнү 29-мартта Алматы убактысы боюнча саат 11:22де Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "SOME" ЖЧКсынын сейсмикалык станциялар тармагы каттаган.
Маалымдалгандай, жер титирөөнүн магнитудасы 4,5 баллга жеткен.
Эске салсак, буга чейин Ооганстанда күчү 7,8 жана 7 баллга жеткен жер титирөө болуп, ал Орто Азиянын республикаларында да сезилген.