Нурланбек Шакиев Токтогул ГЭСинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Кара-Көл шаарында жайгашкан Токтогул ГЭС каскадынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Ага ылайык, Шакиев ГЭСтин жамааты менен жолугушууда өлкө экономикасына энергетиктердин кошкон салымы зор экенин белгилеп, өлкө жетекчилеринин атынан ыраазычылык билдирген. Ошондой эле ал алдыңкы адистерге Жогорку Кеңештин Ардак грамоталарын тапшырды.

"Төраганы коштоп жүргөн энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов менен “Электр станциялар” ачык акционердик коомунун филиалы “Токтогул ГЭСтеринин каскадынын” директору Амангелди Тайчабаров тийиштүү маалыматтарды беришти", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Токтогул ГЭС каскадынын негизги ишмердүүлүгү электр энергиясын үзгүлтүксүз өндүрүү жана керектөөчүлөргө бөлүштүрүү болуп саналат. Ошондой эле Кыргызстанда өндүрүлгөн электр энергиянын 80 пайыздан ашыгы аталган каскаддын ГЭСтеринде өндүрүлүп, курамына Токтогул жана Күрпсай ГЭСтери кирет.

1975-жылы ишке берилгенден бери алмаштырылбай келе жаткан айрым жабдуулары жаңыланып, Азия өнүктүрүү банкынан алынган каражаттын эсебинин учурда тийиштүү жумуштар жасалууда. 2025-жылы төрт агрегаты толугу менен алмаштырылып бүтсө, азыркы 1260 мегаваттык кубаттуулук 1440 мегаваттка көбөйөт.

Маалым болгондой, учурда ГЭСке агып кирген суунун орточо көлөмү секундасына 266 метр куб түзсө, агып чыккан сууну көлөмү 155 метр куб болууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан