Талас облусундагы Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында "Социалдык келишим" долбоорунун алкагында 110 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Эмгек министрлигинен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, сертификаттарды эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев тапшырган.
Министр Базарбаевдин айтымында, ар бир "социалдык келишим" орточо беш адамдын жашоо шартын жакшыртууга мүмкүндүк берет.
"Былтыркы "Социалдык келишимди" ишке ашыруунун мониторингине ылайык, тандалган бизнес-пландардын 59 пайызы айыл чарба (мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, аарычылык, күнөсканалар, канаттуулар чарбасы), 24 пайызы тигүү, темир - бетон буюмдарын өндүрүү, терезелерди, эмеректерди даярдоо, самын жасоо тармактарында ишке ашырылган.
Алынган каражаттардын дагы 10 пайызы коомдук тамактануу, такси, курулуш, сулуулук, автодиагностика, массаж ж.б. кызматтарды көрсөтүү бизнесин ачышкан. Дагы 7 пайызы соода тармагында иштешет", - деди министр.
Маалымат үчүн: Грант аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чакан ишкерлик баштоо менен жакырчылыктан чыгуу максатында берилген.
Бул жылы мамлекет 50 миңдей адамдын жашоо-шартын жогорулатууга ниеттенүүдө.