Орусия "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушунун долбооруна катышууга кызыкдар. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Сабырбек Султанбеков Бишкекте өткөн кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында билдирди.
Белгиленгендей, учурда бул маселе толук чечиле элек экени белгиленди.
Эскерте кетсек, аталган ГЭСтин курулушунун башталышына 2022-жылдын 8-июнунда президент Садыр Жапаров старт берген.
Курулуштун мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга чейин. ГЭСтин биринчи гидроагрегатын ишке киргизүү - туруктуу каржылоо болгон шартта төрт жыл.