Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашагандар жапырт көчүрүлүүдө (фото)

Жалал-Абад облусунда кооптуу аймакта жашаган тургундар жапырт көчүрүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, жаз мезгилинде кооптуулук күч алган жер көчкү, суу ташкыны жана таш кулоо коркунучу бар аймактарга адистер тарабынан изилдөө иштери жүргүзүлүп, кооптуулук жогору экендиги аныкталып, коопсуз жайга көчүрүү мезгилдин талабы болууда.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында 1169 үй-бүлө кооптуу аймакта күн өткөрүп келишүүдө. Алардын басымдуу бөлүгү Сузак жана Базар-Коргон районунда жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан