Тышкы иштер министрлиги Беларустун бажысы тарабынан Кыргызстанга келе жаткан 500дөй унаанын кармалышы боюнча комментарий берди.
31-январь күнү Кыргызстандын Беларустагы элчилигине Кыргызстандын жарандары болгон унаа ташуучулар кайрылган. 1-февралда элчиликтин кызматкери Беларустун мамлекеттик бажы комитетинин Минск аймактык бажысынын "Белкульторг №06611" ПТОсуна барышкан. Жүк ташуучу унаалар ЕАЭБдин бажы аймагына киргизилген товарларды кошумча текшерүү үчүн токтотулганы аныкталган.
"Тышкы иштер министрлиги бул маселе боюнча компетенцияга кирген Кыргызстандын мамлекеттик ведомстволоруна маалымат жөнөттү. Ошондой эле элчиликтин демилгеси менен 15-февралда Кыргызстандын Беларустагы элчиси Беларустун Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы менен жолугушту. Жолугушууда автотралдардын кечигип жаткан маселелерин талкуулоо болду. Ташылып келе жаткан унааларга кошумча текшерүүлөрдү өткөрүүгө коштомо документтерде ташылган транспорт каражаттарынын наркынын бир кыйла төмөн баалангандыгы себеп болгон", - деп билдиришти министрликтен.
Учурда Беларустун бажы органынын өкүлдөрү Кыргызстан менен Беларустун бажы кызматтарынын жетекчилеринин орун басарларынын деңгээлинде кезектеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу маалымат берилди.
Буга чейин социалдык тармактарда Кыргызстанга келе жаткан 500дөй унаа Беларуста январь айынан бери тургандыгы кабарланган.