"Агай" сериалынын жаратуучуларына ведомстволук сыйлыктар тапшырылды

"Агай" сериалынын жаратуучуларына ведомстволук сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 29-мартта Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрында Руслан Акун режиссёрлук кылган "Агай" сериалынын жабык көрсөтүүсү болуп өттү. Иш-чарага Маданият министринин орун басары Марат Тагаев катышып, сөз сүйлөп, кино жараткандардын ишине мындан аркы ийгиликтерди каалап, тасмага тартылган айрым таланттарга министрликтин ведомстволук сыйлыктарын жана ыраазычылык каттарын тапшырды.

Эске салсак, аталган сериал №3 эксперименталдык гимназия ачып, окуучулардын билим деңгээлин көтөрүүгө өмүрүн арнаган КРнын Эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминовдун чыныгы башынан өткөргөн окуясынын негизинде тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан