Бишкектеги таштанды полигонунун айланасы курчалууда (сүрөт)

Бишкектеги таштанды полигонунун айланасына тосмо орнотулууда. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, оңдоо-курулуш иштери 90 пайызга бүткөрүлдү. Учурда жарык берүүчү тирөөчтөр орнотулуп, электр жарыгына кошулууда. Ошондой эле коопсуздук камерасын орнотуу пландаштырылууда.

"Эхитусфирма Ранд жана Туулберг" ААК менен биргеликте таштанды төгүүчү жайдын активдүү бөлүгүндө пайда болгон түтүндү азайтуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Мындан тышкары, жаңы технологияларды, атап айтканда, технотация ыкмасын колдонуу менен үйүлгөн таштандылардын түтүнүн азайтуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Анализдердин жана изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча фильтрат көлүн зыянсыздандыруу жана утилдештирүү боюнча иштер башталат.

"Учурда толугу менен Бишкек санитардык полигонунун түштүк жана чыгыш тарабынан тосмо орнотуу аяктады, иш батыш бөлүгүндө улантылууда. Тосмо орнотулгандан кийин, полигондун периметри боюнча тротуарды төшөө иштери башталат. Топурактын көлөмүн азайтуу жана тигүү калдыктарын утилдештирүү үчүн жабдуулар колдонулат. Ага ангар тургузулуп, керектүү техника менен жабдылат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан