Индиянын коопсуздук кеңешинин катчысы Кыргызстанга келет

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 29-мартта Нью-Дели шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 18-жыйынына катышты.

Президенттин маалымат кызматынан билдиргендей, Иманкулов өз сөзүндө ШКУнун коопсуздук кеңештеринин катчыларынын үзгүлтүксүз жолугушуулары мамлекет башчылары тарабынан кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу үчүн реалдуу практикалык мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.

Ошондой эле ал эки тараптуу жана көп тараптуу мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, өз позицияларын салыштырып, жакынкы келечекте коопсуздук чакырыктары жана коркунучтары менен күрөшүү жаатындагы биргелешкен кадамдарды макулдашууну сунуштады.

"ШКУнун алкагында Марат Иманкулов Индия, Орусия жана Тажикстандан келген кесиптештери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, анда аймактык коопсуздук жана өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Индия тарап менен кызматташууну кеңейтүү контекстинде “Кыргызстан-Индия” диалогунун экинчи раундун 2023-жылы Кыргызстанда өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан