Ажылык сапарга бара турган жарандардын COVID-19га каршы эмдөө сертификаты жок болсо тизмеден чыгарылат. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта муфтияттын басма сөз кызматынан маалымдады.
Ага ылайык, 2019-2023-жылдар ичинде ажылыктын электрондук базасына катталып, кезек күтүп турган талапкерлер Сауд Арабиянын саламаттык сактоо министрлигинин талаптарына ылайык COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу сертификаты талап кылынат жана ар бир ажылыкка баруучу талапкердин делосуна тиркелүүсү зарыл.
"Муну менен катар төмөнкү дарылардын бирөөсү менен эмдөөдөн өткөндүгү боюнча сертификаты талап кылынат: 1-Pfizer-BioNTech, 2-AstraZeneca, 3-Moderna, 4-Janssen, 5-Sinopharma, 6-Sinovac, 7-Sputnik V, 8-Covaxin, 9-Nuvaxovid, 10-Covovax. Эмдөө сертификаты жок жарандар ажылыктын тизмесинен чыгып каларын эскертебиз!" - деп айтылат маалыматта.