
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы жолдо жаралган аң-чөнөк жолчулар тарабынан жамалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, бир катар социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин имаратынын алдындагы кыш мезгилинде пайда болгон кичинекей аң-чөнөктүн видеосу тараган.
"Исанов көчөсүндө жайгашкан Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин имаратынын алдында аң-чөнөк пайда болгон тилке Бишкек шаарынын мэриясына таандык.
Өлкөбүздөгү жолдордун бир бөлүгү муниципалдык жолдор болуп саналат жана өлкөнүн шаарларынын балансында турат жана аларды шаардык жол кызматтары тейлейт", - деп билдиришти министрликтен.
Ошондой эле Транспорт министрлиги кайдыгер эмес жарандарга ыраазычылык билдирди.