Бүгүн, 30-мартта Эмгек министрлиги Талас облусунун Бакай-Ата районундагы аз камсыз болгон 40 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилгенин маалымдады.
Ага ылайык, каражат "социалдык келишим" долбоорунун алкагында берилген. Алар мурда министрлик тарабынан уюштурулган финансылык сабаттуулукка жана бизнес-пландарды түзүү боюнча окутуудан өтүшкөн.
"Өткөн жылы социалдык келишим түзгөндөргө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү бийлик органдары, ветеринардык-санитардык кызматтар жана өкмөттүк эмес уюмдар колдоо көрсөтүштү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 163 миң сом, 20 тонна көмүр, 3 гектар жер бөлүнгөн.
Вакцинация, мал чарбачылыгына катышкан катышуучуларга консультация, тамак-аш өндүргөн катышуучуларга санитардык текшерүү жүргүзүлдү. Жарандык уюмдар жана ар кандай фонддор финансылык сабаттуулукка окутууну, бизнес-пландоону уюштурууга, чакан ишкердикти өнүктүрүүгө жарым миллиондон ашык сом бөлүп беришти. Биргелешкен аракеттердин аркасында биз президент Садыр Жапаровдун жакырчылыкты жоюу боюнча демилгесин ишке ашырууну натыйжалуу баштадык", - деген эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев.
Маалымат үчүн: Грант аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чакан ишкерлик баштоо менен жакырчылыктан чыгуу максатында берилген.