
1-апрелден тартып өлкө аймагында үшүк жүрөт. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирди.
1-3-апрелдерде түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү күтүлөт. Анда Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -2 градуска чейин төмөндөйт.
2-3-апрелдерде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3 градус болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүк данектүү мөмө бактардын бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө коркунуч келтирет.