Баткен облусундагы "Айгүл-Таш" жаратылыш аймагына кирүүгө 3 жылга тыюу салынды. Бул тууралуу облустук Токой чарба кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, мындай чечим Баткен райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан кабыл алынды.
"2023-жылдын 1-апрелинен тартып, 2026-жылдын 1-апрелине чейин жарандарга Айгүл-Таш тоосунун жаратылыш аймагына кирүүгө мораторий жарыяланды. Буга аталган аймакты коргоо жана сактап калуу зарылчылыгы жаралганы себеп болду", - деп айтылат маалыматта.
Айгүл гүлүнүн илимий аты - эдуард чаар гүлү, жыл мезгилинин апрель айында 10-15 күнгө гана гүл ачып турат. Бийиктиги 30 сантиметрден 2 метрге чейин жетет.
Кошумчалай кетсек, бул өсүмдүк Кыргыз өлкөсүнөн башка Ооганстан тоо кыркаларында өсөт.