"Жаан жаайт". Марттын акыркы күнүнө карата аба ырайы

Эртең, 31-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында айтылат.

Маалымдалгандай, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20,

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +8…+13 градус.

Бишкек шаарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +15…+17 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан