Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-мартта Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү Ма Синжуйду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, жолугушууда мамлекет башчысы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы салттуу достук жана ынак коңшулук мамилелер, өз ара ишеним ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого, ошондой эле жалпы кызыкчылыктарга толук жооп берген аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Садыр Жапаров Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгилеп, тактап айтканда Кыргызстан менен СУАР (Синьцзян-Уйгур автономиялуу району) ортосундагы соода жүгүртүү көлөмүнүн өсүшүнүн оң тенденциясын белгиледи.
Ал биргелешкен транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана сооданын көлөмүн мындан ары жогорулатуу үчүн соодада өз ара пайдалуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурду.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбооруна токтолуп, мамлекет башчысы бул Кыргызстан менен СУАР ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө салым кошуп, экономиканын башка тармактарын өнүктүрүүгө да мультипликативдик таасирин тийгизерин белгиледи.
Инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз кылып жатып, президент учурда Кыргызстанда жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүү жана чет элдик инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын баса белгилеп, ага байланыштуу СУАРдын компанияларын Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды.
Муну менен катар энергетика, медицина, маданият, туризм тармагында кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү боюнча сунуштар айтылып, Кытайдын жогорку окуу жайларында Кыргызстандан барган студенттерди окутууга квоталарды көбөйтүү сунушталды.