Жалал-Абад шаарында 5-апрелден 9-апрелге чейин жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынан билдиришти.
Буга "Майлуу-Суу-4-Ош" магистралдык газ өткөргүчтүн ишенимдүү эмес бөлүгүндөгү түтүгүн пландалган алмаштыруу иштери себеп болгону айтылды.
"Мындай иштер Жалал-Абад шаарынын колдонуучуларын жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн жана 1965-жылы курулган магистралдык газ өткөргүчтүн иштөө ресурсун калыбына келтирүү максатында өткөрүлүүдө" деп билдиришти мекемеден.
Мекеме түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.