Бүгүн, 31-мартта юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, салык декларациясын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, ата мекендик уюмдар, анын ичинде дыйкан жана фермердик чарбалар, ошондой эле туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар тапшырышы керек.
Толук маалыматты 116 номеринен же мекеменин сайтынан алууга болот.