"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы тышкы жарыктандыруу тармактарын модернизациялоо иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул сапар жарыктандыруучулар Октябрь районунун аймагында иш алып барышты.
"6-кичи райондо №56 мектептин түндүк тарабында 4 даана жарык берүүчү мамы демонтаждалып, ордуна жаңылары орнотулду.
Ушундай эле иштер №4 кичи райондо да жүргүзүлүп, 2 даана жарык берүүчү мамы демонтаждалып, жаңысына алмаштырылды" деп жазылат маалыматта.