Казакстанда аял мурдагы жана азыркы күйөөсү менен бир үйдө жашамай болду

Казакстандын Актөбө шаарынын тургуну мурунку аялын сотко берип, ал учурда жашап жаткан мырза үчөө бир үйдө жашоо укугуна ээ болду. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Актөбө шаарынын тургуну мурунку аялынын үстүнөн арыз жазган. Ал арызында экөө чогуу алган батирде мурунку жубайы башка мырза менен жашап жатканын айтып, сотко кайрылган. Ал сотто талашка түшкөн батирдин конок бөлмөсүн бөлүп берүүнү, коридор, даараткана жана ашкананы чогуу колдонууну талап кылган.

Ал эми айыпталуучу мурунку күйөөсүнүн көчүп кетүүсүнө тоскоол болбогонун, конок бөлмөсүн берүүгө даяр экенин билдирген. Сот жабырлануучунун арызын адилет карап, ага 15,7 чарчы метр, мурунку жубайына 13,2 чарчы метр аянттагы бөлмөсүн бөлүп берген.

Соттун чечими боюнча эми мурунку жубайлар даараткана, жуунуучу жай жана ашкананы чогуу пайдалана алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан