Бишкектеги "Алькони" ишканасынан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, ишканадагы өрттү өчүрүүгө таңкы саат 03:10дон тарта ӨКМдан жалпы 5 күжүрмөн эсеп, 1 суу ташуучу унаа ККББнын ыкчам тобу тартылган. Тилсиз жоо саат 05:55те чектөөгө алынып, саат 14:38де толук өчүрүлдү. Кырсыктан адам өмүрүнө коркунуч жаралган эмес.
"Бүгүн таңга маал Бишкектин Октябрь районуна караштуу Исакеев көчөсүндө жайгашкан "Алькони" заводунан чыккан ири өрт кырсыгынын кесепетинен ишкананын алькони тез даярдалуучу азыгын чыгарган имараттын болжол менен 3500 чарчы аянты күйгөн. Өрттүн жалыны ага жакын жайгашкан 11 контейнерге өткөн. Ага карабай, өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам 23 контейнер сакталып калды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин калаадагы "Алькони" заводунан түнкү саат 03:10 чамасында өрт чыкканы кабарланган.