Бишкекте "Алькони" чыгарган заводдон ири өрт чыкты

Бишкек шаарында жайгашкан "Алькони" заводунан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдан маалымат беришип, учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүрүп жатканын кабарлашты.

Маалым болгондой, өрт бүгүн саат 03:10 чамасында чыгып, жерине ӨКМнын 5 өрт өчүрүүчү күжүрмөн эсеби, штаб жана суу ташуучу унаа тартылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өрттүн аянты болжол менен 3500-4000 чарчы метрди түзүүдө. Азыркы учурда өрт курчоого алынып, толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Кошумча маалымат берилет.

Маалымат үчүн: Аталган завод Октябрь районунун Исакеев көчөсүндө жайгашкан.

Видео: Канышай Мамыркулова

Бишкекте "Алькони" чыгарган заводдо өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан