Ленин округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө 18,6 миллион сом сарпталат

Бишкектеги Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү үчүн сарпталуучу каражаттын сметасы бекитилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) билдирди.

Маалыматка ылайык, мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын 18 миллион 636 миң 500 сом жалпы суммасында бекитти. Анын ичинен 13 миллион 200 миң 500 сом Боршайкомдун чыгашасы, 5 миллион 436 миң сом аймактык шайлоо комиссияларына берилет деп кабарланды.

Белгилей кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо 28-майга дайындалган. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 29-мартта кол койгон.

БШК 27-мартта депутат Жаныбек Абировду өзү жазган арызына байланыштуу мандаттан ажыраткан. Ага Бишкектеги ресторандардын биринде өзү катышкан мушташ себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан