Улуттук банк 45,2 миллион доллар сатты

Кечээ, 31-мартта, Улуттук банк валюта рыногунда 45,2 миллион доллар сатты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалыматында айтылат.
Адатта банк алмашуу курсунун өзгөрүшүн басаңдатуу же америкалык валютанын тартыштык/ашык маселесин чечүү үчүн долларды сатат же сатып алат.
Ал эми доллардын орточо курсу дээрлик өзгөрүүсүз калды.
Бул быйылкы жылдын эсебинен жасалган алтынчы интервенция, жалпысынан 307 миллион 370 миң доллар сатылды. Март айында Улуттук банк чет элдик валютаны эки жолу, жалпысынан 80,2 миллион доллар саткан.

Эреже катары интервенциялар боюнча маалыматтарда накталай эмес операциялар көрсөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан