Өзбекстанда балдар үйүнүн жетекчиси анда тарбияланып жаткан жашы жете элек кыздарды чиновниктер менен жыныстык катнашка барууга мажбурлап жүргөн. Бул тууралуу Өзбекстандын маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, балдар үйүнүн башчысы үч тарбиялануучуну аткаминерлер менен интимдик мамиледе болууга мажбурлаган. Бул максатын ишке ашыруу үчүн ал 15, 16 жана 17 жаштагы үч өспүрүм кызды тандап алган.
"Кардарлардын" арасында облустук юстиция башкармалыгынын жетекчиси болгон. Балдар үйүнө берилген жабдуу үчүн аткаминер ага сексуалдык кызмат көрсөтүүнү суранган. Бул кызмат үчүн балдар үйүнүн жетекчиси 16 жаштагы кыздын инисин анын көзүнчө ур-токмокко алып, чиновник менен мамилеге барууга мажбурлаган. Жашы жете элек кыздар менен жыныстык катнашка баруу үчүн облустук юстиция башкармалыгынын башчысы өзүнүн мекемесинин кызматкерлери үчүн кызматтык турак жай катары бөлүнгөн батирди пайдаланган. Кийинчерээк бул батирге 15 жана 17 жаштагы дагы эки кыз бир нече жолу келишкен.
Андан сырткары, кайрымдуулук кылып, жетекчинин жеке маселелерин чечүүгө жардам бергени үчүн райондук бөлүмдүн башчысы ага дагы сексуалдык кызмат көрсөтүүнү сунуштаган. Директор ошол эле жашы жете элек окуучу кыздарды аны менен жыныстык катнашка барууга мажбур кылган. Жетекчи аталган кыздарды башка окуучулар менен сүйлөштүрбөй, ачка калтырып бул ишке түрткөн. Чиновник балдар үйүнө тамак-аш менен жардам берүүдөн тышкары, жашы жете элек бала менен жыныстык катнашка барганы үчүн жетекчиге 200 миң сум (1500 сом) төлөгөн. Кыздар менен жакындык балдар үйүндөгү уктоочу бөлмөдө болуп турган.
Ушул жана башка фактылар соттук териштирүүдө айтылган. Соттун чечими менен балдар үйүнүн жетекчиси үч берене боюнча айып тагылып, 5 жарым жылга эркинен ажыратылган.
Жашы жете элек кыздар менен интимдик мамиледе болгон кызмат адамдары эки берененин негизинде 1,5 жылга эркиндигинен ажыратылган.
Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Ургенч шаарындагы балдар үйүнүн тарбиялануучуларын зордуктаган аткаминерлердин жазасы жеңил болгонун моюнга алды.
Чуулгандуу иш коомчулукка кеңири тарагандан кийин 2023-жылдын 2-апрелинде Өзбекстандын Президентинин Аппаратынын коммуникациялар жана маалымат саясаты секторунун башчысы Саида Мирзиёева зомбулукка кабылган 3 кыз тең мектепке бара жатканда жана кайтканда коштоп жүрүүгө милдеттүү күзөтчүлөр менен камсыз кылынганын билдирген.