Мексиканын Теотиуакан шаарына жакын жерде аба шарында учуп жаткан жубайлар тирүүлөй өрттөнүп кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Андагы маалыматка ылайык, окуя туристтер арасында популярдуу болгон Теотиуакан археологиялык жайында болгон. Аба шарынын ичинде 50 жаштагы эркек киши 39 жаштагы жубайы жана 13 жаштагы кызы болгон. Кырсыктын кесепетинен жубайлар тирүүлөй өрттөнүп кетишкен. Ал эми алардын 13 жаштагы кызы аба шарынан секирүүгө үлгүргөн, ал II жана III даражадагы күйүк алып, колу сынып, бактыга жараша тирүү калган.