
Бишкектин борборундагы айрым жерлерде митинг өткөрүүгө салынган тыюу 1-июлга чейин узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматынан билдирди.
Митингге чыгууга болбой турган жайлар:
- "Ала-Тоо" аянты;
- Эркиндик проспектиси - темир жолдон Чүй проспектисине чейин;
- Президенттик администрациянын жана ЖКнын имараттарынын жанында;
- Панфилов паркында;
- Таттыбүбү Турсунбаева атындагы скверде;
- Жогорку Соттун алдында;
- Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында;
- УКМК имаратынын жанында.
Белгилей кетсек, мурдагы чектөө 1-апрелге чейин киргизилген болчу. Ага ылайык, ар кандай акцияларды бир гана Горький паркында өткөрүүгө уруксат берилген.