Өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча президенттин администрациясынын түзүмү жана штаттык саны оптималдаштырылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде президентттин маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай аракет чечимдерди кабыл алуу процессинин эффективдүүлүгүн, натыйжалуулугун жана оптималдаштыруусун жогорулатуу, ошондой эле республикалык бюджетти натыйжалуу пайдалануу максатын көздөйт.
Чечимге ылайык, президенттин администрациясынын жалпы штаттык саны 72 штаттык бирдикке кыскарып, 259 адамды түздү.
Жүктөлгөн функцияларды рационалдуу аткаруу максатында айрым түзүмдүк бөлүмдөр бириктирилди, бир катар кызматтар жоюлду.
Ошону менен бирге бошотулган штаттык бирдиктердин эсебинен аймактарды өнүктүрүү маселелерине жооптуу, ошондой эле ар кайсы чөйрөлөрдө иштин абалына ар тараптуу талдоо жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдөр күчөтүлдү.