Бүгүн, 3-апрель күнү Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баштаган Баткен райондук ӨКМ башчысы Туратбек Турдуев, Баткен РИИБнын башчысы Алмазбек Шагамурзаев жана айыл аймак башчысы Алимбек Сабиров сел жүргөн аймактарга барышты. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.
Аким баштаган жетекчилер кечээ, 2-апрель күнү кечинде жааган жаандан улам сел жүргөн Эки-Таш жерлигинде Ош-Баткен-Раззаков жолунун 265-267 чакырымындагы жана Көк-Таш-Ак-Сай автоунаа жолудан кабар алды.
Учурда аталган аймактарда сел кесепетин жоюу боюнча ыкчам аракеттер көрүлүүдө. Жеринде Баткен райондук жарандык кызматынын жол тейлөө кызматы иш алып барууда.
Эске салсак, кечээ 2-апрель күнү катуу жааган жаандан улам Баткен районунун Эки-Таш жерлигинде сел жүрүп убактылуу жол жабылган. Мындан улам Баткен райондук жарандык коргонуу кызматтары жерине барып, жарым сааттай жабылган жолдо тазалоо иштерин жүргүзгөн.
Учурда тазалоо иштери уланууда. Атайын 4 техника 10 кызматкер тартылган.