Токтогул районунда 20 жаштагы жигит милиция кызматкерлери тарабынан катуу ур-токмокко алынган. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунан билдиришти.
"Улуттук борбордун кызматкерлери аталган жигитке жолукканда моюнунда, көкүрөгүндө жана колдорунда көк ала тактар жана сыйрылган жерлер бар экендиги аныкталган. Анын айтымында, милиция кызматкерлери аны сабап, муунтушкан жана ал бир нече жолу эсин жоготкон. Мындан тышкары, аны желим таяк менен зордуктайм деп коркутушкан. Кыйноонун максаты жигитке бир нече кылмышты моюнуна алдыруу себеп болгон", - деп жазылат билдирүүдө.
Жабырлануучу Таласта жашайт жана Токтогулга уйларын сатуу үчүн барган. Ал Өзгөрүш айылындагы милициянын пунктунан кыйноого алынган.
Учурда бул факты боюнча акт түзүлүп, маалыматтар Талас облустук прокуратурасына жөнөтүлдү.