Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Кыргыз Республикасынын жарандыгын алгандардын көбү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.
Анын ичинен 1702 адамды Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу боюнча үч жарлык. Ошондой эле 46 адамга Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу боюнча бир жарлык бар.