Louis Vuitton Moët Hennessy компаниясынын президенти Бернар Арно америкалык Forbes журналынын версиясы боюнча дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде биринчи орунга чыкты.
Бернар Арно былтыркы лидер, Tesla компаниясынын башкы директору Илон Маскты байлыгы боюнча ашып өтүп, биринчи жолу тизменин башына чыкты. Forbes журналынын маалыматы боюнча, Арнонун байлыгы 211 миллиард долларды түзгөн. Бир жыл мурун ал бул тизмеде үчүнчү орунду ээлеп турган, анда анын байлыгы 158 миллиард долларга бааланган.
Экинчи орунда Илон Маск турат. Анын байлыгы 180 миллиард долларга бааланган. Ал эми үчүнчүгө Amazon компаниясынын башчысы Жефф Безос жайгашты. Безостун учурда 114 миллиард доллары бар.