Тажикстандын жараны Алижон Рахмонов Орусиядан 100 жылга депортацияланды. Соттун чечиминин көчүрмөсүн мигранттардын укугу коргоп келген Каримжон Ёров социалдык тармактарга жарыялаган.
Аталган документке ылайык, 26 жаштагы тажик жаранына 2023-жылдын 3-апрелинен 2123-жылдын 3-арелине чейин Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынды. Бул учурда Рахмонов 126 жашка чыгат.
"Алижон Орусияда жүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Мындай чечим мигранттар өз укуктарын коргоону талап кылганда кабыл алынышы мүмкүн", - дейт Ёров.
Муну менен Орусиянын тарыхында 100 жылга депортацияланган учур биринчи ирет катталды. Буга чейин Тажикстандын дагы бир жараны 99 жылга депортацияланган.
Белгилей кетсек, акыркы бир нече жыл ичинде Орусиядан 200 миңден ашуун тажик мигранттары депортацияланган. Адатта 3 жылдан 25 жылга чейин кирүүгө тыюу салынат.