
6-9-апрелде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкө аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан кабарлашты.
Сел жүрүшү мүмкүн болгон аймактар: Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондору.
Кырсык катталган учурда “112” кызматына чалуу зарылдыгы эскертилди.