Бүгүн, 5-апрелде Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаардык жарандарды тейлөө бюросунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Мэр анын алкагында тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге "Учар" кичи районундагы көрүстөндүн учурдагы абалын көрдү.
Бюронун жетекчисинин айтымында, жалпы аянты 50 гектарды түзгөн бул көрүстөнгө алгачкы жолу 1978-жылы сөөк коюлган. Учурда көрүстөндүн аймагы 95 пайызга толуп, бир жылдын ичинде мында жай калбай калышы ыктымал.
Бул маселени чечүү үчүн Бакытбек Жетигенов тиешелүү кызматтарга көрүстөн уюштурууга кошумча жерлерди табуу боюнча карап чыгууну тапшырды.